Бишкек Темир – металл конструкциялардын жана металлопрокаттын заводу

Идеядан баштап аткарылышына

Металл конструкциялар, металлопрокат, металл конструкциялардан имараттарды куруу

Бишкек-Темир – каалаган арналыштагы имараттарды долбоорлоо, өндүрүү жана монтаждоо чөйрөсүндө Кыргызстандын рыногундагы алдыӊкы компаниялардын бири. Биз металл каркастын негизинде имараттарды куруунун толук циклин чыгарабыз.

Бишкек Темир Заводу

Заманбап жабдык

Ишкана металл чыгаруу жана металл конструкцияларды өндүрүү
чөйрөсүндөгү алдыӊкы жабдуулар менен жабдылган.

МАМСТ сертификаттары

Чыгарылган өнүмдөрдүн бардыгы сертификатталган
жана учурдагы МАМСТка шайкеш.

Ишенимдүү ѳнѳктѳштѳр

Биздин чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз жана чийкизат жеткирүүчүлөрүбүз болуп Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын алдыӊкы комбинаттары эсептелет.

металлоконструкции
металлоконструкции

Менеджменттин интеграцияланган тутуму

Ишканада сапат менеджментинин, экологиялык менеджменттин, эмгек коопсуздугу менеджментинин жана ден соолукту коргоо тутумдарынын жыйындысынан турган интеграцияланган менеджмент тутуму ишке киргизилген.

Кадрлардын кесипкөйлүгү

Ишкана жабдылышы жана персоналдын квалификациялык деӊгээли боюнча актуалдуу жана заманбап талаптарга шайкеш келет.

Лицензиялар жана сапат сертификаттары

Чыгарылуучу өнүмдөргө карата лицензиялар, колдонууга уруксаттар жана шайкештик сертификаттары бар. Ширетүү технологиясы жана ширетүү өндүрүшүнүн адистери аттестацияланган.

металлоконструкции
металлоконструкции

Өндүрүштүк кубаттуулуктар:

Газ-кычкылтектик жана плазмалык кесүү жабдуусу. Иштетилүүчү тетиктердин максималдуу габариттери: калыӊдыгы – 80 мм, узундугу 14000 мм, туурасы 3000 мм.

Бийиктиги 160тан 3500 мм ге чейинки эки таврлуу өзөктөрдү жана кутучалык кесилиштүү колонналарды даярдоо үчүн порталдык жыйноочу орнотмо жана флюс катмарынын алдында автоматтык ширетүү аппараттары колдонулат.

Тилүү, көзөө, зенкерлөө, вертикалдык жана горизонталдык тегиздикктерде сай түшүрүү заманбап санариптик программалык башкарылуучу жабдууларда аткарылат.

Металлды бытыра агымдуу иштетүү. Натыйжалуу тазалоого мүмкүндүк берет, бекемдикти жогорулатууга көмөктөшөт, үстүнө сүртүлүүчү материалдардын жакшы жабышуусун камсыз кылат. Абразив катары бытыраны колдонобуз.

Дубалдык жана чатырлык сэндвич-панелдер үчүн муздак жайылган, ысык жайылган жана цинктелген болоттон (лентадан) ийилген профиль (швеллер) өндүрүүчүстан.

Бишкек Темир жѳнүндѳ сунуштоо каттары жана пикирлер

Бишкек Темир ѳз ишмердигин 2015-жылы баштаган. Президенттин иш башкармалыгына караштуу Кыргыз Курулуш Сервис, Sheraton,Imall, Газпром Кыргызстан, Globus, Эти Бакыр Терексай, Дордой Азия ж.б ишканалары биздин кардарларыбыз болуп саналат.

Сүрөт галерея

«Бишкек Темир» темир конструкциялар заводу жөнүндө

Бишкек Темир

Бишкек Темир - металл конструкцияларын жана металлопрокаттарды берүү боюнча металлопрокаттык завод, аны менен бирге металл каркастуу имараттарды курат жана монтаждайт.