Металл конструкциялар, металлопрокат, металл конструкциялардан имараттарды куруу
Биздин өнөктөштөр
Өндүрүштүк кубаттуулуктар:
Газ-кычкылтектик жана плазмалык кесүү жабдуусу. Иштетилүүчү тетиктердин максималдуу габариттери: калыӊдыгы – 80 мм, узундугу 14000 мм, туурасы 3000 мм.
Бийиктиги 160тан 3500 мм ге чейинки эки таврлуу өзөктөрдү жана кутучалык кесилиштүү колонналарды даярдоо үчүн порталдык жыйноочу орнотмо жана флюс катмарынын алдында автоматтык ширетүү аппараттары колдонулат.
Тилүү, көзөө, зенкерлөө, вертикалдык жана горизонталдык тегиздикктерде сай түшүрүү заманбап санариптик программалык башкарылуучу жабдууларда аткарылат.
Металлды бытыра агымдуу иштетүү. Натыйжалуу тазалоого мүмкүндүк берет, бекемдикти жогорулатууга көмөктөшөт, үстүнө сүртүлүүчү материалдардын жакшы жабышуусун камсыз кылат. Абразив катары бытыраны колдонобуз.
Дубалдык жана чатырлык сэндвич-панелдер үчүн муздак жайылган, ысык жайылган жана цинктелген болоттон (лентадан) ийилген профиль (швеллер) өндүрүүчүстан.









